Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Ала-Бука: сөөк казгандардын сотуна маркумдун жакындары чакырылган жок


76 жаштагы кемпирдин сөөгүн жерге жашыруудагы ызы-чууга байланышкан сот отурумуна маркумдун жакындары чакырылган жок. Бул тууралуу маркумдун кызы Жылдыз Азаева “Азаттыка” билдирди:

- Сот отуруму болорун биз башка адамдардан уктук. 20-декабрда райондук сотко барсам, силерди милиция кызматкерлери чакырат, биз аларга бир жума мурда жараян тууралуу билдиргенбиз, деди.

Ал эми айыптоочу тарап эмне себептен жабырлануучулар соттук отурумга чакырылбаганын ачык айткан жок. Ала-Бука районунда 14-октябрда көзү өткөн 76 жаштагы байбиченин сөөгүн жерге берүү чатагына байланышкан соттук териштирүү бүгүн, 22-декабрда түштөн кийин башталат. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, беш адамга айып тагылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG