Иркутскиде курамында спирти бар жуунучу каражат – лосьон ичкенден кийин өлгөндөрдүн саны 71ге жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин жергиликтүү өкүлчүлүгү билдирди.
Дагы 36 киши ооруканада.
Ошондой эле бейшембиде Иркутскиде жасалма арактан ууланып өлгөн биринчи учур катталды. Ууланган аял “Белая береза” арагын ичкенин туугандары айтышууда. Жергиликтүү бийлик дал ушул үлгүдөгү арак Иркутскидеги көмүскө ишканада уулуу “Боярышник” лосьону менен чогуу табылганын билдирет.
Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматында, уулуу лосьондун курамында адаттагы этанол эмес, метанол спирти болгон.
Адамдардын жапырт өлүмүнө байланыштуу Иркутскиде өзгөчө кырдаал жарыяланды. Курамында спирти бар, бирок ичилбей турган суюктуктардын бардык түрүн сатууга тыюу салынды. Козголгон кылмыш иши боюнча 11 адам кармалды. Алар ишкерлер жана соода түйүндөрүндө иштегендер.