Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Чек ара жаңжалдары эки эсе азайды


Чек арачылар.
Чек арачылар.

Быйыл чек ара чатактары эки эсе азайды. Жыл башынан бери чектеш аймактарда 12 жаңжал катталды. Былтыр бул көрсөткүч 22 болчу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Мирбек Касымкулов 17-22-декабрда Ош, Жалал-Абад облустарындагы чек ара бөлүктөрүн кыдырган кезде билдирди. Мекеменин маалымат кызматы тараткан кабарга ылайык, Касымкулов жаңжалдарды болтурбоо боюнча чаралар топтому мындан ары да уланарын кошумчалады.

Ал Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай менен болгон чек арадагы маселелер менен таанышып, 2017-жылы Чек ара кызматы коррупцияга каршы күрөштү, чек арачылардын жоопкерчилигин күчөтөрүн билдирди. Талаштуу аймактарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, көйгөйдү чечүү жолдору талкууланды. (NT)

XS
SM
MD
LG