Кабулда ооган парламентарийинин үйүнө кол салуудан сегиз адам набыт болгонун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирүүдө.
Полициянын маалыматында, 22-декабрга оогон түнү Гилменд провинциясынан шайланган депутат Мир Валинин үйүнө үч адам чабуул коюп, жарылуучу зат ыргытышкан. Коопсуздук күчтөрү кол салгандарды жок кылганы кабарланат.
“Президент Ашраф Гани гильменддик депутаттын үйүнө чабуулду кескин айыптайт. Кол салуудан анын бүлөсүнөн эки адам, жансакчылары жана урузгандык башка депутат Обайдулла Баракзайдын уулу курман болушту”, деп президенттик администрация билдирүү таратты.
Депутат Мир Вали кол салуудан аман калды, ал убагында качып кетүүгө үлгүргөн.
Чабуул жоопкерчилигин "Талибан" террордук тобу өзүнө алып, “коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн маанилүү жолугушуусун” үзгүлтүккө учуратыш үчүн жанкечтилерин жибергенин билдирди.