23-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаайт, жолдор тайгак жана тоңголок, тоолуу аймактарда кар күрткүсү топтолот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...-7;
Таласта түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...-7;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...-5;
Баткен облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...-5;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5;
Нарында түнкүсүн -18...-23, күндүз -10...-15 градус суук.
Бишкекте 23-декабрда маал-маалы менен кар жаап, жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан секундуна 4-9 метрге жеткен шамал согуп турат. Абанын табы түнкүсүн -5...-7, күндүз -2...-4 градуска чейин төмөндөйт.