Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:55

Роухани менен Назарбаев кызматташтыкты талкуулашты


Назарбаев менен Роуханинин жолугушуусу.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен Иран президенти Хасан Роухани инвестиция, соода-экономика, транзиттик транспорттук жана айыл чарба жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу казак президентинин расмий сайтында кабарланат.

Ошондой эле эки лидер бир топ документтер менен кошо деңиз соодасы жаатында да келишимге кол коюшкан.

Январда Ирандан батыштын санкциялары алынгандан кийин эки өлкөнүн өкмөтү Алматы-Тегеран аба каттамын ишке киргизүүнү да макулдашкан.

Роуханинин учагы 21-декабрда Еревандан Астанага конгон. 22-декабрдан тарта анын Кыргызстанга сапары башталат.

XS
SM
MD
LG