Жогорку Кеңештин 22-декабрдагы жыйынында Токтогул ГЭСинин экинчи гидроагрегатындагы авариянын чоо-жайы тууралуу Улуттук энергохолдинг компаниясынын маалыматы угулду.
Мекеме жетекчиси Айбек Калиевдин айтуусунда, кабелдердин жарактуу мөөнөтү 25 жыл болсо, ГЭС аларды 42 жылдан берүү пайдаланып жатат. Аларды толук жаңылоо иши кийинки жылы мартта башталат. Азыр №2 гидроагрегаттын 27 метр кабели алмаштырылып жатат. Оӊдоо иштери 2017-жылдын 15-январына чейин бүткөрүлөт:
- Азырынча коркунуч жок. Электр кубаты жетиштүү. Резервде 200 мегаватт электр кубаты бар.
Жыйында депутат Рыкелди Момбеков энергохолдинг жарытылуу иш жасаган жок деп сынга алды. Бирок мекеме жетекчиси каражаттын жетишсиздигине карабастан, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо багытында көп иш аткарылды деп жооп кайтарды.
Ошондой эле айрым депутаттар Улуттук энергохолдинг өз милдетин аткара албай жатат деген негизде Энергетика министрлигин калыбына келтирүүнү сунушун көтөрүштү. Энергохолдинг туура бир жыл мурун түзүлгөн. Ага электр энергиясын өндүрүү, бөлүштүрүү жана жеткирүү менен алектенген 7 ишкана бириктирилери, башкаруу бир колго өтөрү айтылган. (NT)