Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Кара-Буурада 100 орундуу мектеп ачылды


Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Суу айылында 22-декабрда 100 орундуу мектеп пайдаланууга берилди. Имарат айылдагы Базылбек Айтбаев атындагы мектептин жанында курулду, анда башталгыч класстар билим алат. Буга чейин окуучулар 40 жыл мурун салынган 200 орундуу мектепте төрт кезек менен окуп келген. Айылда жалпысынан 240 түтүн бар, окуучулардын саны 460тын тегерегинде. Жаңы мектеп гранттын эсебинен курулган. (AlS)

XS
SM
MD
LG