Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси, муфтий Максатбек ажы Токтомушев 22-декабрда жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган буйрук чыгарды. Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мындай чечим тиешелүү мыйзамдын негизинде кабыл алынды.
Анда муфтияттын курамындагы расмий дин кызматкерлери - КМДБ аппараты, казыят, райондук хатибият, жалпы имамдар, диний окуу жайлардын мугалимдерине 18ге чыга электерге нике кыюуга уруксат берилбейт. Ал эми муфтияттын курамына кирбеген тараптардын кыйган никелерине диний башкармалык жооп бербейт.
Кыргызстанда буга чейин Үй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык 18ге жете электер менен никеге турууга тыюу салынган. (NT)