Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

“Ата Мекен” Кыргыз-орус фондунун ишмердигин талкуулайт


Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы бүгүн Кыргыз-Орус өнүгүү фондунун ишмердигин талкуулайт. Анда өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки жагдайы, уюмга интеграция болуудагы татаалдыктар тууралуу сөз болот. Эл өкүлдөрүнүн суроолоруна аталган фонддон, Финансы жана Экономика министрликтеринен адистер келип жооп беришет.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду кыргыз экономикасын Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына ыңгайлаштыруу максатында былтыр түзүлгөн. Ага Орусия өкмөтү 1 миллиард доллар бөлүп, өндүрүштү жандандырууга жеңил шарттагы насыяларды берет деп айтылган. Бирок бул жаатта иш жетиштүү деңгээлде аткарылбай жатканы боюнча ар кандай сындар айтылып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG