Ала-Букада 76 жаштагы аялдын сөөгүн жерге жашыруудагы ызы-чууга байланышкан сот белгисиз мөөнөткө жылды. 22-декабрга белгиленген отурум судьянын ооруп калганына байланыштуу болбой калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” жабырлануучу тарап билдирди.
Ала-Бука районунда 14-октябрда көзү өткөн байбиченин сөөгүн айылдагы мүрзөгө коюудан улам чатак чыккан. Ал башка динге өтүп кеткен деген жергиликтүүлөр маркумдун сөөгүн мусулман көрүстөнгө берүүгө макул болушкан эмес. Андан соң христиандардын көрүстөнүнө коюлган сөөктү казып чыгарып салышкан. Жасат үч ирет жерге берилген. Талаш-тартыш облустук бийликтин, күч органдарынын аралашуусу менен токтогон.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "өлгөн адамды жана анын кабырын мазактоо" беренеси менен иш козголуп, беш адамга айып тагылган. (RsK)