Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Чүйдө имамдар менен күч органдары кызматташууга макулдашты


Мечит.
Мечит.

Чүй облусунда имамдар милиция жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен кызматташууга макулдашты. Облустук казыят Ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн жана атайын кызматтын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кант шаарындагы “Жадид” мечитинде бейшембиде жыйын курду.

Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар эл арасында диндин туура эмес агымына кирип кеткендердин санын азайтуу жана радикал топторго кошулгандарды артка кайтаруу чараларын чогуу ишке ашыруу максатында бирдиктүү аракеттерди көрмөкчү.

Имамдар менен күч тармактарынын кызматташуусу боюнча бийлик акыркы жылдарды тапшырмаларды көбөйткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG