Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Иран менен 10 жылдык кызматташтык келишими түзүлдү


Атамбаев менен Роухани.
Атамбаев менен Роухани.

Кыргызстан жана Иран президенттеринин Бишкектеги жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтык боюнча 10 жылдык программага кол коюлду. Медицина, эмгек жана социалдык коргоо, маалымат-технологиялар, маңзаттарга каршы күрөшүү багытында меморандум түзүлдү. Тараптар өз ара сүйлөшүүдөн кийин журналисттерге маалымат беришти. Алмазбек Атамбаев эки өлкө илгертеден эле кызматташып келе жатканын, Роуханинин сапары аны жаңы деңгээлге чыгарат деген ишенимин билдирди.

- Биз бардык тармакта кызматташтыкты жакшыртуу боюнча бирдей пикирге ээ экенбиз.

Атамбаевдин айтуусунда, эки мамлекеттин тышкы иштер министрликтерине виза берүү тартибин жеңилдетүү тапшырмасы берилди. Азыр эки өлкө жарандары үчүн бир айлык визасыз режими бар. Ошондой эле Атамбаев Бишкек-Тегеран түз каттамы 2017-жылдын ортосуна чейин ачылат деген үмүтүн, Ирандын ШКУдагы макамынын жогорулашын колдой турганын кошумчалады.

Кыргызстанга 22-декабрда расмий сапар менен келген Хасан Роухани Иран Орто Азия, анын ичинде Кыргызстан менен мамилени өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады. (NT\BkA)

XS
SM
MD
LG