Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:22

Көчкүдөн оор жүк ташуучу машине кырсыкка учурады


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Кырсык 23-декабрда саат 10:30да Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 224-чакырымында болгон. Ала-Бел ашуусунда 5400 кубометр кар көчкү түшүп, "Мерседес" үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Айдоочу менен жүргүнчү жеңил жаракат алып, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Көчкү саат 11:25те толугу менен тазаланып, жол ачылганы кабарланды. Бүгүн эртең менен Ала-Бел ашуусунда көлөмү болжол менен 12 600 кубометрге жеткен дагы бир көчкү түштү.

XS
SM
MD
LG