Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:54

АКШ: мусулман эркектерди каттоого милдеттендирген жобо жоюлат


Президент Барак Обама.
Президент Барак Обама.

Президент Барак Обаманын администрациясы ислам өлкөлөрүнөн келген мусулман эркектерди АКШда каттоого турууга милдеттендирген эрежени жокко чыгарарын кабарлады. Бул эреже беш жылдан бери иштебей турса да жаңы шайланган президент Дональд Трамп аны кайра ишке киргизерин ишара кылган.

2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин кабыл алынган мыйзамга ылайык, мусулмандар басымдуулук кылган 25 өлкөнүн 16 жаштан жогорку жигиттери Америкага келгенде каттоого турушу керек. Мындан тышкары өлкөгө мурда келген мусулман иммигранттары да каттоодон өтүп, даректерин өзгөрткөн сайын расмий органдарга кабар берип турушу зарыл. Эми Дональд Трамп каттоо эрежесин жанданткысы келсе, ал жараянды кайра башынан баштоого туура келет.

XS
SM
MD
LG