Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Москвада Сирияга кетүүнү көздөгөн студент кыз абакка кесилди


Варвара Караулова былтыр өз атын Александра Иванова деп өзгөртүп алган.
Варвара Караулова былтыр өз атын Александра Иванова деп өзгөртүп алган.

Москванын соту “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулууну көздөгөн 20 жаштагы Варвара Караулованы төрт жарым жылга абакка кести.

Ал 2015-жылы Түркия аркылуу Сириянын чегине өтөр алдында кармалган. “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна мусулман үй-бүлөлөрдөн чыккан жүздөгөн орусиялыктар кошулуп кеткен. Бирок кадыр-барктуу Москва мамлекеттик университетинде окуган Караулова мусулман болбогону үчүн анын иши көпчүлүктүн көңүл борборуна чыккан.

Ал акыркы сөзүндө үйдөн качып кеткени чоң ката болгонун айтып, соттон ырайым сурады. Анын жактоочулары өкүмдү өтө катаал деп мүнөздөштү. Караулованы Орусиядан Сирияга кеткен согушкерлер азгырып келгени иликтөө учурунда аныкталды.

XS
SM
MD
LG