Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эбола вирусуна каршы вакцина сыноодон ийгиликтүү өткөнүн жарыялады. Гвинеядагы экспериментте оорулуу адам менен байланышта болгон кишилерге вакцина сайылган. Эмдөөдөн өткөн жалпы 5 миң адамдын бирөөндө да он күн бою эбола катталган эмес. Вакцинаны сыноо башталганда Гвинеянын Бассе-Гвин аймагында эболанын тамыры кыркыла элек болчу.
- Эмделген адамдардын эч биринде эбола катталган жок. Ошол эле учурда вакцина албаган адамдардын 23үнөн вирус табылды. Андыктан бул вакцинаны 100 пайыз натыйжалуу деп айтсак болот,- деди Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Мари-Пол Киени.
2013-жылы Батыш Африкада башталган эбола эпидемиясы баш-аягы 11 миңден ашык адамдын өмүрүн алды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2016-жылдын башында гана Гвинея, Либерия жана Сьера Леоне эболадан толук арылганын жарыялады. Вакцинаны Канада өкмөтүнүн көмөгү менен америкалык “Мерк” дары-дармек компаниясы иштеп чыкты.