Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:28

24-декабрдын аба ырайы


Кыш.
Кыш.

24-декабрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок, тоолуу аймактарда кар күрткүсү топтолот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…-9;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -15…-20;

Таласта түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9;

Баткенде түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7;

Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -12…-17;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -13…-18 градус суук.

Бишкекте 24-декабрда түнкүсүн маал-маалы менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрди түзөт. Абанын табы түнкүсүн -10…-12, күндүз -4…-6 градус төмөндөйт.

XS
SM
MD
LG