Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

Берлиндеги кол салууга шектүү адам Италияда жок кылынды


Берлиндеги чабуулга шектелген Анис Амри.
Берлиндеги чабуулга шектелген Анис Амри.

Берлиндеги жармаңкеге жүк ташуучу унаа менен чабуул койду деп шектелген адам Италиянын Милан шаарынын түндүгүндө жок кылынды.

Италиянын маалымат каражаттары кабарлагандай, таңкы саат үчтөр чамасында полиция теги тунистик 24 жаштагы Анис Амринин унаасын текшерүү үчүн токтоткон. Бирок Амри тапанчасын алып чыгып, ортодо атышуу башталган. Акырында Италия полициясы аны атып өлтүргөн.

19-декабрда Берлиндеги кеминде 12 адамдын өмүрүн алган кол салууга шектүү адамды бүтүндөй Европанын күч органдары издеп жатышкан. Азырынча немис полициясы бул окуя боюнча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG