Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:50

"Сосновка" постунда тыгын пайда болду


Ош-Бишкек жолундагы кар көчкү, 31-январь, 2014-жыл.
Ош-Бишкек жолундагы кар көчкү, 31-январь, 2014-жыл.

ӨКМ билдиргендей, Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" постунда 250дөй машине токтоп турат. Алардын жүзгө чукулу оор жүк ташуучу автоунаалар. Бул жерде айдоочулар, жүргүнчүлөр үчүн жылытуу жайлары ачылды. Талас жана Жалал-Абад облустарында да мындай жайлар ачылды. 23-декабрда Бишкек-Ош жолуна төрт жолу кар көчкү түштү. Аны тазалоо учурунда жол маал-маалы менен жабылып, элге кыйынчылык жаралууда. Аталган министрлик көчкү коркунучу бар аймактардан жүрбөй турууга жарандарды чакырууда.

Карга байланыштуу тоолуу райондордо, Бишкек-Ош канжолундагы ашууларда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр, Красная-Горка-Ак-Таш, Нарын-Казарман жолунун Кара-Көө ашуусунда, Каракол-Эңилчек каттамындагы Чоң-Ашууда, Барскон-Ак-Шыйрак каттамынын Сары-Мойнок жана Сөөк ашууларында кар көчкү коркунучу сакталууда.

Жолдор тайгак болуп, муз каптап турат. Айдоочулар жолдо баратып 500 метрден кем эмес аралыкты сакташы зарыл. (NT)

XS
SM
MD
LG