Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Мальтада учакты барымтага алгандар багынып беришти


Мальта аэропорту
Мальта аэропорту

Ливиянын “Африкия” аба жолдоруна таандык учагын барымтага алгандар багынып беришти. Эки барымтачы учакты жардырып жиберебиз деп коркутуп, Мальтанын борбору Валлеттага кондурушкан.

Ливиянын Сабха шаарынан учуп чыккан учак баш калаа Триполиге конушу керек эле. Көп өтпөй барымтачылар учактагы 118 жүргүнчү менен экипаж мүчөлөрүн бошотушту.

Барымтачылар Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафинин тарапкерлери экени кабарланды. Алар эмнени талап кылганы ачык айтылган жок.

XS
SM
MD
LG