Бишкектин "Азия Mix" командасы эл аралык КВН союзунун Жогорку лигасынын финалында жеңүүчү болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жазды.
24-декабрга караган түнү Москва шаарында финалдык оюн болуп, «Азия Mix» (Бишкек), «Спарта» (Астана), Мурманск шаарынын курамасы, Цирк курамасы (Москва) жана «Радио Свобода» (Ярославль) командалары баш байге үчүн таймашты.
Бишкектин командасы саламдашуу сынагында беш упай алып калыстардын жогорку баасын алды. Экинчи музыкалык биатлон жарышында Мурманск командасы менен бирге 0.9 упай алып артыкчылыгын бекемдешти. Жыйынтыктоочу жаңы жылдык фристайл сынагында да ийгиликтүү өнөр көрсөткөн бишкектиктер жалпысынан 10.9 упай топтоп, Жогорку Лиганын 2016-жылдагы чемпиону болушту.
Экинчи орунду 10.6 упай топтогон Астананын "Спарта" командасы алды. Мурманск курамасы 10.4 упай менен 3-орунду ээледи. Чемпион командага башкы демөөрчү болгон "Открытие" банкы тарабынан 700 миң рубл ыйгарылды.
«Азия Mix» командасы төрт жылдан бери КВНдин Жогорку лигасында ойноп келет. Былтыр бул лиганын жарым финалдык жарышына чейин жеткен. 2012-жылы КВНдин Биринчи лигасынын жеңүүчүсү болушкан. "Чоң алтын КиВиН" (2016) жана "Чоң кара КиВиН " (2015) сыйлыктарынын ээси. (Ech)