Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

БУУ жөөт кыштактарын кеңейтүүнү токтотууну талап кылды


БУУнун коопсуздук кеңеши
БУУнун коопсуздук кеңеши

БУУнун Коопсуздук кеңеши 23-декабрда "Палестина аймагында, анын ичинде Чыгыш Иерусалимде жөөт кыштактарын курууну тез арада жана толук токтотууну" талап кылган резолюция кабыл алды. Документти кеңешке мүчө 15 мамлекеттин 14ү колдоду. АКШ добуш берүүдөн карманды.

Добуш берүүнүн алдында батыштык расмий өкүлдөр Вашингтон мындай болгон учурда вето коюу укугун колдонбой турганын айтышкан. Ага чейин бир катар америкалык саясатчылар вето коюу кадамын кубаттаган эле.

Резолюция 22-декабрдын кечинде каралууга тийиш болчу, бирок Египет өзү сунуштаган резолюциянын долбоорун АКШнын жаңы шайланган президент Дональд Трамп жана Израилдин басымы менен чакыртып алды.

Натыйжада документти Жаңы Зеландия, Малайзия, Сенегал жана Венесуэла Коопсуздук кеңешке кайра сунуштады.

XS
SM
MD
LG