Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:40

Атамбаев: «Азия Mix» кыргызстандыктарга белек тартуулады  


Президент Атамбаев жана "Азия Mix" тобу. (Архивдик сүрөт, 2-июль, 2013-жыл)
Президент Атамбаев жана "Азия Mix" тобу. (Архивдик сүрөт, 2-июль, 2013-жыл)

Президент Алмазбек Атамбаев «Азия Mix» тобун КВНдин жогорку лигасындагы жеңиши менен куттуктады.

- «Азия Mix» тобунун жеңиши - баарыбыз үчүн чоң кубаныч. Жалпы Кыргызстанга жаңы жылдык белек. Биздин балдар буга жетүү үчүн талыкпай аракеттенип, көрүүчүлөрдү багындырганына баарыбыз күбө болдук. Бир гана калыстар тобу эмес, күйөрмандар да биздин команда эң шайыр жана тапкыч экенин моюнга алышты. "Азия Mix" кыргызстандыктардын көпчүлүгү үчүн сыймык​, - деп айтылат президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү тараткан куттуктоодо.

24-декабрга караган түнү Москвада өткөн эл аралык КВН союзунун Жогорку лигасынын финалында Бишкектин "Азия Mix" командасы жеңүүчү деп жарыяланган. (NT)

XS
SM
MD
LG