Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Ош: ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору оңдолду


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-декабрда, Ош облусундагы сапары учурунда аймактык ветеринардык диагностика борборунун иши менен таанышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул борборду реконструкциялоо иши аяктап калды. Өкмөт башчы атамекендик ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл тармагын эл аралык стандарттарга дал келтирүүнүн маанисин белгиледи:

- Калкты экологиялык жактан таза азыктар менен камсыздап, айыл чарба продукциясын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттоонун көлөмүн арттыруу өкмөттүн биринчи кезектеги милдеттеринин бири. Бул ветеринардык жана фитосанитардык текшерүү системасын толук модернизациядан өткөргөндөн кийин гана мүмкүн болот.

Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга көрсөтүлгөн мөөнөттө Ош аймактык ветеринардык диагностика борборун реконструкциялоону бүтүрүп, лабораториялык иликтөө иштерин баштоону тапшырды.

Өкмөттүн планы боюнча биринчи кезекте жалпы суммасы 37,3 млн. сомдук Ош жана Бишкек шаарларындагы ветеринардык лабораторияларды реконструкциялоо иштери бүткөрүлөт. Андан кийин 2017-жылы Талас, Баткен, Каракол жана Балыкчы шаарларында жаңы аймактык ветеринардык лабораториялар курулуп, аны менен катар республика боюнча 13 лаборатория модернизацияланат. Бул максатта республикалык бюджеттен 165 млн сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG