Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Атамбаев Өзбекстанга учуп кетти


Президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрда иш сапар менен Өзбекстандын Самарканд шаарына учуп кетти. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, сапар учурунда Атамбаев Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүлчамбар коёт.

Андан соң Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугат. Тараптар эки мамлекеттин алакасын жакшыртууну, эл аралык жана аймактагы маанилүү маселелерди талкуулашат. (NT)

XS
SM
MD
LG