Жардыруу 24-декабрда Филиппинде Минданао аралындагы католик чиркөөсүнүн жанында болду. Андан 16 адам жаракат алды. Алардын арасында патрулдук машиненин жанында турган полиция кызматкери да бар.
Рождествонун алдында бул чиркөөдө эл көп топтолгону айтылууда. Окуя үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.
Акыркы Минданао автономдук районунда радикал исламчылардын жана экстремисттердин зомбулугу күчөгөнү кабарланууда.