Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Кара деңизде кыйраган орусиялык учактын калдыктары табылды


Александров атындагы ансамблдин артисттери
Александров атындагы ансамблдин артисттери

Кара деңизде 50-70 метр тереңдикте, Сочи жээктеринен бир жарым чакырым алыстыкта Орусиянын Коргоо министрлигинин ТУ-154 үлгүсүндөгү учактын калдыктары табылды. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги өлкөнүн маалымат жана жалпы коммуникация департаментине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка караганда, учак 25-декабрда таң эрте Адлер шаарындагы аэродромдон көтөрүлгөндөн кийин радардан жоголуп кеткен. Анын бортунда 83 жүргүнчү жана экипаждын 8 мүчөсү болгон. Арасында орусиялык аскер кызматкерлери жана Сириядагы аба базанын күчтөрүн жаңы жыл менен куттуктоо үчүн бараткан Александров атындагы ансамблдин артисттери, онго чукул журналист бар болчу.

"Интерфакс" куткаруучулар кырсык болгон аймактан аман калгандарды таппаганын кабарлады.

"Бир сааттан ашык убакыттан бери эч кимди табуу мүмкүн болгон жок. 1,5 чакырымдан 8 чакырымга чейинки аралыкка чачылып кеткен учактын калдыктары табылды", - деп айтылат маалыматта.

XS
SM
MD
LG