Кыргызстанда 26-декабрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондоруна кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5...-10, күндүз 3...8;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -9...-14, күндүз 1...6;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4...-9, күндүз 3...8;
Баткен облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 3...8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 1...6;
Нарында түнкүсүн -20...-25, күндүз -5...-10 градус суук.
Бишкекте 26-декабрда кар жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрди түзөт. Абанын табы түнкүсүн -6...-8 градус суук, күндүз 5...7 градус жылуу болот.