Мамлекеттик ишмер Асаналы Толубаевдин 120 жылдыгына арналган илимий жыйын 26-декабрда парламентте өтөт. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, ага илимпоздор, коомдук ишмерлер, Толубаевдин туугандары, санаалаштары, депутаттар чакырылган.
Асаналы Толубаев 1896-жылы азыркы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кызыл-Аскер айылында туулган. Ал 1938-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланып, андан кийин Жогорку Советтин биринчи төрагасы кызматына дайындалып, 1943-жылга чейин иштеген. Анын Кант-Балыкчы темир жолунун, Чоң Чүй каналынын курулушуна, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында СССРдин Европа бөлүгүнөн эвакуацияланган өнөр жай ишканаларын жайгаштырууга кошкон салымы чоң.