Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:37

Кырсыкта каза тапкан беш адамдын сөөгү табылды

Кара деңизде кыйраган ТУ-154 учагынын беш жүргүнчүсүнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Борттогу калган адамдарды издөө уланып жатканын Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков билдирди:

- 25-декабрда таңкы саат 5:25те Адлер шаарындагы аэродромдон учуп кетип, 5:27де радардан жоголгон. Учакта 84 жүргүнчү жана экипаждын 8 мүчөсү болгон.

Учакта Орусиянын Биринчи каналынын чыгармачыл тобу, кабарчы Дмитрий Рунков, оператор Вадим Денисов, үн оператору Александр Сойдов жана башка маалымат каражаттарынын өкүлдөрү болгон. Ошондой эле учакта орусиялык аскер кызматкерлери жана Сириядагы аба базанын күчтөрүн жаңы жыл менен куттуктоо үчүн бараткан Александров атындагы ансамблдин артисттери да каза тапты.

XS
SM
MD
LG