Тунис бийликтери маалымдагандай, Берлинде теракт жасады деген шек менен өлтүрүлгөн Анис Амиринин жээни жана аны менен тыгыз байланышта болгон эки адам камалды.
Тунис Ички иштер министрлиги тараткан билдирүүдө “18-27 жаштагы үч шектүү Берлинде жүк ташуучу унаа менен теракт уюштурган Анис Амри кирген террордук топтун мүчөсү болгону” айтылат.
Ошондой эле министрликтин билдирүүсүнө ылайык, 24 жаштагы Амри 18-жаштагы Феди деген жээнине Европага келүүгө акча жиберип, аны “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулууга үндөгөн.
19-декабрда Берлиндеги жармаңкеге жүк ташуучу унаа менен чабуул койду деп шектелген Анис Амри 23-декабрда Италиянын Милан шаарынын түндүгүндө жок кылынган.
Берлиндеги кол салууда 12 адам мүрт кетип, 50гө чукул адам жабыркаган.