Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Москва кулаган учакта теракт болушу мүмкүндүгүн четке какты


Кыйрыган учактын калдыктары Кара деңизден табылууда.
Кыйрыган учактын калдыктары Кара деңизден табылууда.

Орусиянын Федерация кеңеши менен Мамлекеттик Думадан кабарлашкандай, Сочиде кыйраган ТУ-154 учагынын бортунда теракт болушу мүмкүн деген версия жокко чыгарылды. Парламенттин эки палатасынын коргоо комитеттеринин өкүлдөрү Виктор Озеров менен Андрей Краснов Коргоо министрлигине караштуу учак абдан катуу кайтарууда болгонун түшүндүрүштү. Эки депутат кырсыктын себебин иликтөө менен алектенип жаткан атайын комиссиянын жыйынтыктарын күтүүгө чакырышты.

Авиация боюнча айрым эксперттер ТУ-154 классындагы учактар өйдө көтөрүлүп баратканда кулашы мүмкүн эмес деп айтышууда. Орус аба күчтөрүнүн майору, учкуч Андрей Красноперов “Коммерсант” басылмасына курган маегинде учактын калдыктарынын чоң аралыкка чачырап түшүшү анын абадан жарылганын билдирерин айткан. Мындан улам Красноперов бортто жардыруу болушу ыктымал деп боолголойт.

Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу ТУ-154 учагы Сочиде 25-декабрдын таңында кырсыкка учурап, борттогу 92 киши мүрт кеткен. Учурда кырсык болгон Кара деңиздин аймагында издөө иштери жүрүп жатат. Учактын “кара жашиктери” азырынча табыла элек.

XS
SM
MD
LG