Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Орусия Сочидеги аба кырсыгынын курмандыктарына аза күтөт 


Орусиянын курман болгон журналисттери.
Орусиянын курман болгон журналисттери.

Орус президенти Владимир Путиндин буйругу менен 26-декабрь - кырсыкта каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган. Адлер шаарындагы аэродромдон Сирияга бараткан Коргоо министрлигинин Ту-154 учагы 25-декабрда Кара деңизде кыйраган. Анын ичиндеги 92 адамдын баары курман болгонун орус бийлиги маалымдады. Арасында онго чукул журналист жана Александров атындагы ансамблдин 68 артисти, “Акыйкат жардам” фондунун жетекчиси Елизавета Глинка да бар болчу. “Россия 24” телеканалы кыйроого түрткү берди деген төрт – техникалык мүчүлүштүк, экипаждын катачылыгы, начар күйүүчү май жана терракт деген версиялар каралып жатканын кабарлады. Кырсыктын чоо-жайын иликтөө боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, транспорт министри Максим Соколов терракт деп айтуу азырынча эрте экенин билдирди:

- ТУ-154 үлгүсүндөгү учактын кара кутулары, тилекке каршы, радиомаяк менен жабдылган эмес. Андыктан биз аны деңиз түбүнөн самолеттун калдыктарынан издейбиз.

Маалыматка караганда, ТУ-154 Б2 үлгүсүндөгү учак жарандык авиацияда колдонулбайт, аны аскерлер гана пайдаланып келишет. Кырсыктан аман калгандарды табуу азыркыга чейин мүмкүн болгон жок. 26-декабрда издөө-куткаруу иштери уланат.

XS
SM
MD
LG