Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Сузакта арап тилин окуткан мектеп ачылды


Сузак районунун Комсомол айылында арап тилин окуткан жеке менчик мектеп пайдаланууга берилди. 250 окуучуга ылайыкташкан 2 кабаттуу имарат эл аралык фонддордун каржылоосунда 70 миллион сомго курулган. Учурда ага 160тан ашык окуучу кабыл алынды. Мектеп жетекчилиги окуу программалары Билим берүү жана илим министрлигинин жоболоруна ылайык даярдалганын билдирип, арапчадан тышкары кыргыз, англис жана орус тилдери да үйрөтүлөрүн билдирди. Маалыматка караганда, "Ийгилик, жеңиш" деп аталган мектепке окуучулар 5-класстан тарта кабыл алынат. Кыздар-балдар өз-өзүнчө бөлүп окутулат.

Арап тилин окуткан мектеп өлкө түштүгүндө алгач ирет ишке кирди. (RsK)

XS
SM
MD
LG