Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Алмазбек Атамбаев Орусияга сапар менен кетти


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапар менен Санкт-Петербургга кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык,Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн өлкө башчыларынын жыйынына катышат.

ЕАЭБдин жыйынын жүрүшүндө биримдиктин түзүлгөндөн бери жыйынтыгын чыгарып, болочоктогу аракеттерди ортого салышат.

ЕАЭБдин Бажы кодекси тууралуу келишимге кол коюлары күтүлүүдө.

ЖККУ жыйынында ага мүчө мамлекеттердин башчылары террордук жана экстремисттик коркунучтарга, маңзат жана курал аткезчилигине каршы биргелешип күрөшүү маселесин талкуулашат.(BkA)

XS
SM
MD
LG