Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:04

Үсөнов: Өзбекстанга сапар жемиштүү болду


Атамбаев менен Мирзиёев.
Атамбаев менен Мирзиёев.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга сапары учурунда эки өлкө ортосундагы чечүүгө муктаж бардык маселелер ортого салынды. Расмий Ташкент көйгөйлүү чек ара маселесин чечүүгө ынтызарлыгын билдирип, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча кыргыз тараптын позициясын колдоду. Чек араларды тактоо боюнча тиешелүү органдарга январдын ортосуна чейин бардык маселелерди иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Атамбаев Самаркандга бир күндүк иш сапар менен 24-декабрда барып келди. Анын жүрүшүндө Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык талкуулады. Маркум президент Ислам Каримовдун бейитине гүл коюп, куран окутту. Өзбекcтандык кесиптеши менен Самарканддагы стратегиялык ишканаларды кыдырып чыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG