Маркум 54 жашта болчу. Анын өлүмү тууралуу BBC кабарлады. Ырчынын өлүмүнүн чоо-жайы азырынча белгисиз. Бирок акыркы 5 жыл ичинде Майкл ден соолугунан жабыркап жүргөн.
Жорж Майклдын өз ысымы Йоргос Кириакос Панайоту. 1963-жылдын 25-июнунда Лондондо кипрлик үй-бүлөдө туулган. Ал биринчи жолу 1980-жылдары Wham дуэти менен бирге ырдап белгилүү болгон. 1987-жылы өз алдынча чыгып, Faith аттуу жыйнагы жылдын мыктысы аталып «Грэмми» сыйлыгын алган.
40 жылдык чыгармачыл жолунда Жорж Майкл жүз миллионго жакын альбомун сатып, көптөгөн музыкалык сыйлыктарга татыган. "Грэмми" ага эки ирет берилген. 2014-жылы Symphonica деп аталган акыркы ыр жыйнагы чыккан эле.