Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

Экономика министринин орун басары Абакировго сөгүш жарыяланды


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Экономика министринин орун басары Элдар Абакировго сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Абакиров өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткарбаганы үчүн мындай чара кабыл алынды.

Буга чейин вице-премьер-министр жана өкмөттүн парламенттеги туруктуу өкүлү Элдар Абакировдун ишинин кемчиликтери тууралуу өкмөт башчыга тиешелүү кат менен кайрылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG