Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:57

Шаардык кеңеш депутаттарына жума аягына чейин мандат тапшырылышы мүмкүн


Шайлоо.
Шайлоо.

Бишкек шаардык кеңешинин жаңыдан шайланган депутаттарына ушул жуманын аягына чейин мандат тапшырылышы мүмкүн.

Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы карап, чечим кабыл алмакчы. БШК чечиминин негизинде Бишкек шаар кеңешинин депутаттарына мандат тапшырылат.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрга өткөн. Бишкек шаардык кеңешине 14 партия ат салышып, Социал-демократтар, “Республика-Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партиялары 7 пайыздык босогодон ашкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG