Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:19

Орусияда учак кырсыгынан каза болгондор Бишкекте эскерилүүдө


Курман болгондорду эскерүү. Бишкек.
Курман болгондорду эскерүү. Бишкек.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдында Кара деңизде учак кырсыгынан каза болгондор эскерилүүдө. Шаар тургундары элчилик алдына гүлдөрдү коюп, шам жагышууда. Элчиликке келгендер учак кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтууда.

Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу ТУ-154 учагы Сочиде 25-декабрдын таңында кырсыкка учурап, борттогу 92 киши мүрт кеткен. Учак Сириянын Латакия аймагына бараткан. Анда аскерлер, Коргоо министрлигинин ыр-бий ансамблинин чыгармачыл тобу жана журналисттер болгон. Учурда кырсык болгон Кара деңиздин аймагында издөө иштери жүрүп жатат. Учактын “кара жашиктери” азырынча табыла элек.(BkA)

XS
SM
MD
LG