Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:08

Мурдагы министр Ногойбаев жерге берилди

61 жашында каза болгон мурунку ички иштер министри Болотбек Ногобаевдин сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты ИИМдин Даңк мемориалында өттү. Ага министрликтин өздүк курамы, маркумдун жакындары жана санаалаштары катышты.

Болотбек Ногойбаев 24-декабрда оорудан улам көз жумган. Ал 2007-2008-жылы ички иштер министри болуп эмгектенген.(BkA)

XS
SM
MD
LG