Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Пакистанда жол кырсыгынан ондогон адамдар мерт болду


Кырсыкка кабылган автобус.
Кырсыкка кабылган автобус.

Пакистандын расмий органдарынын маалыматы боюнча, Исламабад менен Пенжабды туташтырган жолдогу кырсыктан алты адам мерт кетип, ондогон жүргүнчүлөр жарадар болушту. Кырсыкка коюу туман себеп болгон. Мындай аба ырайында эл ташыган автобус жолдон чыгып кеткен. Ошондой эле Ханевал районундагы эки жүк ташуучу унаа жана автобус кагышып, бир адам мерт болуп, жети адам жараат алды.

Пакистандагы өткөн дем алыш күндөрү аба ырайынын кескин өзгөргөнүнө байланыштуу учактар учпай, шаар аралык катнаштарда кыйынчылык жаралды.

XS
SM
MD
LG