Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Түркия ИМ террордук тобун 30 кишинин өлүмү үчүн айыптады


Ал-Баб шаарынын тургундары.
Ал-Баб шаарынын тургундары.

Түрк аскерлери Сириянын уруш жүрүп жаткан Ал-Баб шаарынан качып чыгуунун жолун издеген кеминде 30 кишинин өмүрүн кыйганы үчүн “Ислам мамлекети” террордук тобун күнөөлөдү. Бул шаарды Анкаранын өнөктөштөрү болгон сириялык козголоңчулар бир нече аптадан бери бошотуу аракетинде.

25-декабрда түрктөрдүн “Анадолу” агенттиги жөнжай тургундар исламчыл согушкерлер койгон мина менен колго жасалган бомбалардын курмандыгы болгонун кабарлады.

Түрк аскерлеринин колдоосуна ээ болгон сириялык козголоңчулар Түркия төрт ай мурда түзгөн “Евфраттын калканы” деп аталган операциянын алкагында исламчыл радикалдар ээлик кылган шаарды кайра алуунун аракетин көрүүдө.

24-августта Анкара сириялык оппозициялык топторго жерден көмөк көрсөтүү жана cириялык күрттөрдүн аймактык экспансиясын токтотуу максатында жөө аскерлерин жиберген.

Аскерий операция маалында 36 түрк жоокери курман болсо, 16 аскерди өткөн аптада “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жок кылып, бул операция башталгандан берки эң чоң жоготуу болду.

Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарына көз салган уюм Түркияны Ал-Бабда 88 жай тургунду, анын ичнде 21 бала абадан урулган соккудан курман болгондугун ырастап, ал үчүн Түркияны айыптады. Түрк армиясы андай кинени четке какты.

XS
SM
MD
LG