Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:42

ТУ-154: Айрым жүргүнчүлөр “куткаруучу күрмөчөн” болушкан


Кара деңизде кыйраган учактагы айрым жүргүнчүлөр “куткаруучу күрмөчөн” болгон. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып, орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, кыйраган учактын айрым жүргүнчүлөрү куткаруучу күрмө тагынып, кырсыктан сактанууга аракет кылган.

Бүгүн суучулдар Кара деңизден кыйраган ТУ-154 учагынынын калдыктарын, фюзеляжын табышкан. Ал жээктен 1,5 чакырым алыстыкта, 25 метр тереңдикте суунун түбүнөн табылган. Калдыктарды алып чыгууга даярдык көрүлүүдө.

Сочидеги аэродромдон Сирияга бараткан Коргоо министрлигинин Ту-154 учагы 25-декабрда Кара деңизде кыйраган. Анын ичиндеги 92 адамдын баары курман болду. Арасында онго чукул журналист жана Александров атындагы ансамблдин 68 артисти, “Адилеттүү жардам” фондунун жетекчиси Елизавета Глинка да бар болчу.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы учак кырсыгы теракт болушу мүмкүн деген версияны четке какты.

Кыйроого техникалык мүчүлүштүк, экипаждын катачылыгы, начар күйүүчү май себеп болушу мүмкүн деген божомолдор каралып жатат.

Азыркы учурга 11 адамдын сөөгү табылды. Издөө иштери уланууда. Учактын “кара кутусу” табыла элек.

XS
SM
MD
LG