Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Түрк бийлиги 1700 адамды камакка алды


Түркиянын абагы.
Түркиянын абагы.

Түркияда диний ишмер Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деген жүйө менен акыркы аптада 1700дөй адам кармалды. Алардын ичинен 1100 адамды тергөө иштери күтүп турат, калгандары азырынча убактылуу камалганын Түркиянын Ички иштер министрлиги жарыялады. Өткөн аптада Анкарадагы сүрөт көргөзмөдө Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов өлтүрүлгөн.

Президент Режеп Тайып Эрдоган мунун артында Гүлен жетектеген FETO уюму турат деп маалымдаган. Бирок диний ишмер бийликтин айткандарын четке кагууда.

Расмий Анкара Гүлендин “Хизмет” кыймылы менен байланышта болгон бардык уюмдарды FETO деп атап, төңкөрүшкө умтулган, “террорчулар” катары күнөөлөп келет. Гүлендин миңдеген тарапкерлерин жумуштан айдап, куугунтуктоодо. АКШда жашаган диний аалым Фетхуллах Гүлен аны куру доомат катары сыпаттап, төңкөрүштү бийлик атайылап уюштурганын билдирген.

XS
SM
MD
LG