Линктер

дүйшөмбү, 23-апрель, 2018 Бишкек убактысы 11:22

«Интерфакс» агенттиги билдиргендей, кармалгандар курамында "Боярышник" лосьонунан ондогон адамдын жапырт уулануусу боюнча айыпталууда. Акыркы маалыматтарга ылайык, лосьон ичип каза тапкандардын саны 76га жетти.

Жалпысынан 10 шектүү кармалган, арасында соода жайларынын ээлери жана «Боярышник» лосьонун чекене сатуу үчүн жеткирип берип турган деп шектелгендер бар. Учурда 18 жабырлануучу дале ооруканада жатат. Өткөн жумада Орусия өкмөтү курамында 25 пайыздан көп этил спирти бар косметикалык продукцияларды сатууну 30 күнгө токтоткон. Лосьондон ууланган адамдар Иркутск шаардык бейтапканаларына 17-декабрдан тарта жеткириле баштаган. Алар ичкен “Боярышник” аттуу каражаттын курамында метанол уулуу заты бардыгы аныкталган.

XS
SM
MD
LG