Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Ала-Бука: көр казуу чатагы боюнча сот уланат


Көрүстөн.
Көрүстөн.

76 жаштагы аялдын сөөгүн жерге жашыруудагы ызы-чууга байланышкан ишти бүгүн райондук сот карайт. Буга чейин 22-декабрга белгиленген жараян судьянын ооруп калганынан улам артка жылган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматынан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесине ылайык Ала-Бука айылынын 5 тургунуна иш козголгон.

Быйыл 14-октябрда көз жумган Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн айылдаштары “башка динге өтүп кеткен, баптист” деген негиз менен мусулмандардын мүрзөсүнө койдурган эмес. Жасатты кайра көрдөн казып салышып, ал христиандардын көрүстөнүнө коюлган. Бирок ал жердегилер да нааразылык билдирип, сөөктү чыгарып таштаган. Чуулгандуу ишке бийлик жана күч органдары аралашып, сөөк башка жерге жашырылган болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG