Жаңы жылда 38 "Тез жардам" бригадасы иштейт. Бул тууралуу Бишкектин "Тез жардам" станциясынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметов билдирди. Анын айтуусунда, бул күндөрү күчөтүлгөн режимде иштеп, “103” номери аркылуу кайрылгандарга кеңеш берүүчү дарыгерлер иш алпарат. Бул үчүн бардык даярдыктар көрүлүп, "Тез жардам" унаалары керектүү жабдыктар менен жабдылды.(BkA)