Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Президент Аскердик сотту жоюу боюнча мыйзамга кол койду


Президент Алмазбек Атамбаев “ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам акттарын жоюу” боюнча мыйзамга кол койду. Бул мыйзамга ылайык, өлкөдөгү Аскердик соттор жоюлат. Буга чейин мындай демилге менен Жогорку Кеңештин депутаттары чыгып, аталган мыйзамды иштеп чыккан.

Анда Аскер соту сот системасында ашыкча түзүм болуп, өтө аз сандагы иштерди карары жүйө катары айтылган. Расмий маалымат боюнча, жалпы курамы 387 судьядан турган жергиликтүү соттордун 2015-жылга бюджети 724 миллион сомду түзгөн. Ошол эле учурда 14 судьядан турган Аскердик сотко 24 миллион сом берилген. Буга байланыштуу аскер сотту жоюп, судьяларды башка аймактарга жөнөтүү сунушталган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG